Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:16

АКШ, Орусия жана Кытай Ооганстанды талкуулашты


Ооганстан.

АКШ, Орусия жана Кытай Ооганстандагы чет элдик аскерлер ырааттуу түрдө жана жоопкерчилик менен чыгарылышы керек деп эсептешет. Мындай чечим Москвада үч мамлекеттин өкүлдөрү катышкан жыйындын соңунда кабыл алынды.

Билдирүүдө талибдер кыймылы өзүнө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү жана “Ал-Каида” террордук тобу менен байланышты үзүү милдеттенмесин алганы, көзөмөлүндөгү райондорду башка өлкөгө коркунуч жаратуу үчүн колдонбоо убадасын бергени айтылат.

Талибдер буга чейин ооган президенти Ашраф Ганини Батыштын адамы деп атап, аны менен сүйлөшүүдөн баш тартып келишкен болчу.

Эми АКШ, Орусия жана Кытай аларды расмий Кабул менен сүйлөшүүнү тезирээк баштоого чакырышты.

Москвада өткөн үч тараптуу жолугушуу Ооганстанда 18 жылдан бери басылбай келе жаткан тирешти токтотуу максатында өткөрүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG