Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Бишкекте «Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең» курултайы өтүүдө


Курултай. 27-апрель, 2019-жыл.
Курултай. 27-апрель, 2019-жыл.

Бишкекте бир катар саясий уюмдар уюштурган «Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең» жыйыны өтүүдө.

Улуттук драма театрынын имаратында өтүп жаткан курултайга саясатчылар Медеткан Шеримкулов, Мукар Чолпонбаев, Азимбек Бекназаров, Дастан Сарыгулов, Кадыр Кошалиев, Элмира Жумалиева, Алмамбет Матубраимов жана башкалар катышууда.

Жыйында өлкөдөгү жалпы коомдук-саясий абал жана курултай институтун киргизүү маселеси талкууланып жатат. Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы партиялык тизме боюнча, ал эми экинчи жарымы бир мандаттуу система менен шайланышы керек деген сунуштар айтылууда.

«Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең» аттуу биринчи курултай Бишкекте 2018-жылдын 24-ноябрында өткөн. Жыйынтыгында саясий туткундарды абактан бошотуу, Баш мыйзамды өзгөртүү талаптары коюлуп, азыркы парламенттин ишине терс баа берилген.

XS
SM
MD
LG