Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:06

АКШ-Казакстан: Президенттик шайлоо жана Шыңжаңдагы абал талкууланды


Карим Масимов жана Майк Помпео. 26.04.2019
Карим Масимов жана Майк Помпео. 26.04.2019

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Карим Масимов менен Казакстандагы президенттик шайлоону талкуулады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагус билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар "президенттик бийликтин тарыхый транзитин" жана Казакстанда июнда өтө турган президенттик шайлоону, "терроризмге каршы күрөштөгү кызматташтыкты" талкуулашты.

Помпео "Кытайдын батышында уланып жаткан адам укуктарынын кризиси" тууралуу маселени козгоп, ал жактагы "курмандыктар арасында Шыңжаңда жашаган этникалык казактар" да бар экенин айтты.

Кытайдын Шыңжаң районунда уйгурлар, казактар жана кыргыздар кысымга алынып жатканы тууралуу маалыматтар былтыр чыга баштаган. Расмий Пекин ал адамдар "окутуу борборлоруна" жөнөтүлүп жатканын билдирген.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт. Бүгүнкү күнгө карата талапкерлер алтоо, арасында азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев да бар.

Ал бул орунга быйыл 20-мартта өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев кызматын тапшыргандан кийин дайындалган.

XS
SM
MD
LG