Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Токмокто кылмышка шектүү депутат үй камагына чыкты

Токмок шаары.
Токмок шаары.

Токмок шаардык соту жергиликтүү кеңештин бир жылдан бери издөөдө жүргөн депутаты Тынай Жансеитовду үй камагына чыгарды. Сот бүгүн 27-апрелде жабык өттү.

Чечим чыккан соң жергиликтүү кеңештин депутаты тарапташтарынын колдоосунда сот имаратынан чыгып кетти.

Мындан эки күн мурун 25-апрелде Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитов өз эрки менен милицияга келип, колго түшүп берген.

2018-жылдын 26-августунда Токмок шаарынын мал базарынан бир адам бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Жансеитовго эл аралык издөө жарыяланган.

Бул окуя боюнча жергиликтүү тургундар депутат Жансеитов өзүн өзү коргоо багытында колуна бычак алганын, аны менен катар саясый оюндардын курмандыгы болгонун айтууда.

Жабыркаган адам ооруканага жатып, айыгып чыккан.  Анын тарапкерлери сот чечимине нааразы болуп, иш боюнча аягына чейин соттошоорун “Азаттыкка” билдиришти. (SDz)

XS
SM
MD
LG