Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

«Ак илбирс-2019» улуттук кино сыйлыгы тапшырылды


Айбек Дайырбеков (оңдон үчүнчү).
Айбек Дайырбеков (оңдон үчүнчү).

Бишкекте «Ак илбирс-2019» улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Түрдүү жанрдагы фильмдерди Кинематографисттер бирикмеси февраль айында бир ай бою кабыл алып, көрүп чыккан. Жеңүүчүлөр 26-апрелде сыйланды.

Режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы сегиз статуэтка, Руслан Акундун «Көк-бөрүсү» эки жана Бакыт Осмонкановдун «Такебай» фильми бир статуэтка алды.

Жыл сайын берилчү «Ак илбирс» сыйлыгы 2012-жылы уюшулган. Анын демилгечилери - Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG