Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Зеленский Путинге: Паспорт беребиз деп азгырып убара болбогула


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кремлде бардык украиналыктарга орус жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканы тууралуу билдирүүсү боюнча пикирин айтты.

«Фейсбуктагы» жеке баракчасына Зеленский «Украинанын жарандарына паспорт беребиз деп азгырып убара болбой эле койгула» деп жазды.

«Украиналыктар орус паспорту бере турган укуктар кайсылар экенин жакшы билишет. Бул – тынч акцияга чыкканы үчүн камалуу укугу, эркин жана атаандаштык шартында өтүүчү шайлоонун жоктугу» деген Зеленский өз кезегинде «эркиндик үчүн күрөшкөндөрдүн баарына украин жарандыгын берүүгө даяр» экенин кошумчалады.

Жакында Путин Украинанын орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн чыгышында жашагандарга орус жарандыгын жеңилдетилген шартта берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Орус бийлигинин бул чечими Украинанын, АКШнын жана Европа биримдигинин сынына кабылган. (RK)

XS
SM
MD
LG