Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

Мал чарбасына 60 миллион доллар бөлүнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд (IDAF) Кыргызстанга 60 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү кабарлады.

Маалыматка караганда, «Мал чарбасынын туруктуулугу» долбоорун ишке ашыруу 2020-жылы башталат.

Өткөн аптада IDAF уюмунун өкүлдөрү Кыргызстанга келип, абал менен жеринен таанышып кетишти. Алар аймактарды кыдырып, агроөнөр жай ишканаларынын жетекчилери, жеке мал доктурлар, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

Бөлүнө турган 60 миллион доллар жайыттарды жана токойлорду сактоого, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууга, аялдардын жана жаштардын экономикалык ишмердүүлүккө кызуу тартылышына шарт түзүүгө жумшалат.

Кыргызстан агрардык мамлекет экени белгилүү. Бирок өлкө айыл чарба өндүрүмүн сырттан бир жылда 600 миллион долларга сатып алып жатканын жакында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчет берип жатып билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG