Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

Жээнбеков Кытайдын «Sinomach» корпорациясын кызматташууга чакырды


Сооронбай Жээнбеков «Sinomach» корпорациясында.
Сооронбай Жээнбеков «Sinomach» корпорациясында.

Кыргызстан Кытайдын ири ишканаларынын бири «Sinomach» корпорациясын кызматташууга чакырды.

Бээжинде иш сапарында жүргөн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 28-апрелде аталган ишканага барды. Ал биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылып, Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлорго зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашай турганын, ошондуктан айыл чарба долбоорлоруна чоң көңүл буруларын айтты.

Аталган комания өнөр жай, айыл чарба, транспорт, энергетика, курулуш, тоо-кен, металлургия тармактарында алектенет.

Жакында парламентте өкмөттүн отчету талкууланып, Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү азайып жатканы айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG