Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:24

«Ала-Арча» резиденциясындагы өрт өчүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында реконструкция болуп жаткан эски имараттардын биринин чатырындагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди:

- Бүгүн резиденциянын аймагындагы имараттардын биринин чатыры күйдү, толук эмес, бир бөлүгү. Өрт өчүрүүгө беш автоунаа тартылган. Жабыр тарткандар жок. Өрт чектөөгө саат 16:37де алынып, андан ары өрчүшүнө жол берилген жок.

«Ала-Арча» резиденциясы баш калаанын түштүк тарабында жайгашкан. Анда президент, өкмөттүн, парламенттин башчылары жана башка жетекчилер жашайт. Мындан тышкары чет элдик конокторду кабыл алуучу жайлар бар. Резиденцияны мамлекеттик күзөтчүлөр кайтарат. (RK)

XS
SM
MD
LG