Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Бишкекте майыптар үчүн марафон уюштурулат


Иллюстрациялык сүрөт.

1-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында майыптар арасында марафон өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.

Парамарафондо Даун синдромунан жабыркагандар 500 метр, баса албагандар араба менен 1500 метр, азиздер жандоочусу менен 3000 метр, дүлөйлөр 4000 метр аралыкка жарышат.

Мындан сырткары марафонго дени сак жарандарга да катышат. Анда 16 жаштан 40 жашка чейинкилер 5000 метр, 40 жаштан жогорулар 3000 метр аралыкка чуркашат.

Уюштуруучулардын айтымында, парамарафон Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жатат. Иш-чара майыптарды коомго аралаштырып, Паралимпиада оюндарын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG