Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Бишкек шаарынын күнүнө карата Чүй көчөсүнүн бөлүгү жабылат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 29-апрелде саат 16:00дөн баштап Бишкектин Ала-Тоо аянтында башкалаанын күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар башталат. Андыктан Чүй көчөсү Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин автоунаалар үчүн жабылат. Жабылган жолдор түнкү саат он экиден кийин ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Мындан сырткары коопсуздук чаралары үчүн адамдар аянтка сегиз өткөрмө жайлары аркылуу киргизилет. Атайын өткөрмө бекеттер Рыскулов-Орозбеков, Рыскулов-Раззаков, Пушкин-Эркиндик, Чүй-Эркиндик, Раззаков-Киев, Орозбеков-Киев, Панфилов-Чүй, Панфилов-Рыскулов көчөлөрүндө онотулат.

Шаар күнүн майрамдоо үчүн аянтта миңдей милиция кызматкери коомдук коопсуздукка көз салып, «Тез жардам» жана өрт өчүрүү кызматтары да кезметте болот. Мэрия айдоочуларды алдын-ала маршруттарын аныктап алууга чакырат. (TSh)

XS
SM
MD
LG