Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Орусияда мектепке бычак менен кол салган өспүрүм соттолду


Пермь шаарынын Мотовилихинск районундагы №127 мектебинин алды. 15-январь, 2019-жыл.
Пермь шаарынын Мотовилихинск районундагы №127 мектебинин алды. 15-январь, 2019-жыл.

Орусиянын Пермь шаарындагы Мотовилихинск райондук соту былтыр январда мектеп окуучуларына бычак менен кол салган өспүрүмдү жети жылга тарбиялоо колониясына кести. Ал 30 кишинин өмүрүнө кол салуу үчүн күнөөлүү деп табылды. Сот аны психиатрга көрүнүүгө да милдеттендирди. Буга чейин ал ооруканага жатып чыккан.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 2018-жылдын 15-январында беткапчан жана бычак менен куралданган эки өспүрүм Пермдеги №127 мектептин 4-классына сабак учурунда кирип барган. Алардын бири мурда ушул мектепте окуп кеткени ачыкка чыккан. Окуяда 15 киши бычак жеп, ооруканага түшкөн. Бир бала майып болуп калган. Башталгыч класстын мугалимине 15 жолу бычак сайылган.

Окуядан кийин өспүрүмдөр бири-бирин өлтүрүүгө аракеттенген. Дагы бир версияда экөө өз жанын кыйгысы келгени айтылат.

Декабрда сот алардын бирин тогуз жыл, сегиз айга тарбиялоо колониясына эркинен ажыраткан.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири алгач психикалык жактан жабыркайт деп табылгандыктан, ал ооруканага жиберилип, экөөнүн соту эки башка каралды.

XS
SM
MD
LG