Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Бишкектин 141 жылдыгын белгилөөгө 1 млн. 900 миң сом бөлүнгөн


Сахнада Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов жана азыркы мэр Азиз Суракматов турат.
Сахнада Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов жана азыркы мэр Азиз Суракматов турат.

Бишкектин 141-жылдыгын белгилөөгө шаардык бюджеттен 1 млн. 900 миң сом бөлүнгөн. Анын басымдуу бөлүгү музыкалык аппаратурага жана фейерверкке коротулат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык мэриянын басма сөз өкүлү Гуля Алмамбетова кабарлады.

Анын айтымында, чет өлкөлүк ырчыларды майрамдык иш-чарага чакырууга шаар бюджетинен акча коротулган жок. Айрым жарандар шаар тургундарына белек катары майрамдык иш-чаралардын чыгымдарын көтөрүшкөн.

Туулган күнүң менен, Бишкек!
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

Шаар күнүн майрамдоого Орусиядан «Ялла» тобу жана ырчы Согдиана Федоринская чакырылган.

Азиз Суракматов шаар тургундарын майрамы менен куттуктап жатып шаардагы жаңылыктарды айтып өттү:

- Азыркы кезде Бишкек шаары маанилүү чечимдерди кабыл алган борборго айланды. Президенттин жана өкмөттүн колдоосу менен шаарды өнүктүрүү боюнча стратегиялык план кабыл алынды. Биз бирге аракет кылсак шаарыбыз гүлдөйт деген ишеничтемин. Бүгүн жаңы автобустар ишке кирди.

Бүгүн, 29-апрелде саат 16:00дөн баштап Бишкектин Ала-Тоо аянтында баш калаанын күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар башталды.

Шаар күнүн майрамдоо үчүн аянтта миңдей милиция кызматкери коомдук коопсуздукка көз салып, «Тез жардам» жана өрт өчүрүү кызматтары да нөөмөттө болот. (AiA/KR)

XS
SM
MD
LG