Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Казакстан: президенттикке сегиз кишинин талапкерлиги көрсөтүлдү


Казакстандын БШКсынын имаратынын алды. Архивдик сүрөт.
Казакстандын БШКсынын имаратынын алды. Архивдик сүрөт.

Казакстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 28-апрелде аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, убактылуу президент Касым-Жомарт Токаевди кошкондо ушу кезге чейин сегиз талапкер арыз берди. Алар - президент Касым-Жомарт Токаев, Коммунисттик элдик партиядан Жамбыл Ахметбеков, «Ак жол» партиясынан Дания Еспаева, «Улут тагдыры» кыймылынан Амиржан Косанов, «Ауыл» партиясынан Толеутай Рахимбеков, Кесиптик кошуундар федерациясынан Амангелды Таспихов, «Улуу талаа кыраандары» кыймылынан Садыбек Түгел, «Калк демографиясы» коомдук кыймылынан Жуматай Алиев. Азыр талапкерлер тил сынагын тапшырып жатышат.

26-апрелде оппозициячыл Жалпы улуттук социал-демократиялык партиядан талапкерлиги көрсөтүлмөкчү болгон журналист Эрмурат Бапи президенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. Аталган партия бийликке ишенбестигин билдирип, шайлоого бойкот жарыялаган. Талапкерлерди каттоо 11-майда жыйынтыкталат. Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.

«Нур-Отан» партиясынын лидери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Мамлекетти 30 жыл башкарган Назарбаев мартта ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин парламенттин ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаев убактылуу президент болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG