Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Каримованын Женевадагы кымбат машинелери сатылбайт


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Швейцариянын Федералдык кылмыш соту (TPF) Өзбекстандын биринчи президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын кымбат баалуу үч автоунаасын сатыкка чыгарбоо тууралуу чечим чыгарды.

Швейцариялык «Le Temps» басылмасы билдиргендей, учурда Өзбекстандагы Зангиата аялдар колониясында жазасын өтөп жаткан Гүлнара Каримовага таандык «Mercedes-Benz SLR2DR», «Bentley Arnage» жана «Range Rover Sport V8» үлгүлөрүндөгү автоунаалары 1 миллион долларга бааланган.

Маалыматка караганда, сот Каримованын иши боюнча эки чечим кабыл алды. Биринчиси анын Женевадагы хан сарайында турган кымбат баалуу машинелери, экинчиси миллиондогон доллардын из жашырылышын көп жылдан бери иликтеген прокурор Патрик Ламонго ишенбестик көрсөтүлүшү менен байланыштуу.

Басылма прокурор боюнча сот чечими анын 2018-жылдын сентябрында Ташкентке сапарга барганынан улам чыгарылганын жазды. Бул сапар тууралуу түшүндүрмө ала албаган Каримованын адвокаттары күмөн санап, прокурорго ишенбестик көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Сот «Патрик Ламондун Өзбекстандагы сапары иликтөөгө пайдалуу болушу мүмкүн, бирок андан эч кандай жаңы маалыматтар ачылган жок» деген негиз келтирген.

Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылы декабрда 10 жылга соттолгон. Кылмыш иши атасынын көзү тирүүсүндө 2013-жылы козголуп, Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төөлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана офшор компаниялардын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн.

Быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги түрмөгө которулганын билдирген.

XS
SM
MD
LG