Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Алматыда көчөгө баннер илген киши беш күнгө камалды


Алматы. 29-апрель, 2019-жыл.
Алматы. 29-апрель, 2019-жыл.

Казакстандын Алматы шаардык сотунун 29-апрелдеги чечими менен жергиликтүү тургун Роман Захаров беш күнгө камакка алынды. Захаров дүйшөмбүдө Аль-Фараби көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөгө Конституциянын 3-беренесинин 1-пунктунда жазылгандай «Мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы - эл» деген жазууну илип койгону үчүн кармалган.

Казакстандагы Адам укуктары боюнча бюро билдиргендей, активист «Бейбаштык» беренеси менен айыпталды.

21-апрелде активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбеков Алматыдагы марафон учурунда акция өткөргөндөн кийин «митинг уюштуруу жөнүндө мыйзамды бузган» деген айып менен кармалган. Алар жөө күлүктөр чуркаган көчөнүн четинде «Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!» деп жазылган баннерди көтөрүп турушкан. Сот ошол эле күнү экөөнү тең 15 күнгө камакка алган. Акцияны сүрөткө тарткан Сүйүнбийке Сулейменовага, Айдос Нурбулатовго, Айгүл Нурбулатовага соттун чечими менен айыппул салынган.

Дүйшөмбүдө Казакстандын Башкы прокуратурасы расмий сайты аркылуу элге кайрылып, уруксат берилбеген митингдерге катышкандар жоопко тартыларын эскертти.

XS
SM
MD
LG