Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Таза шайлоону каалаган активисттер камалды


Алматы. Казакстан. 21-апрель, 2019-жыл.
Алматы. Казакстан. 21-апрель, 2019-жыл.

Казакстандын Алматы шаарында эл аралык марафон учурунда камакка алынган активисттерди колдоо акциясы өттү. Эки активист - Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбаев таза шайлоого чакырык таштагандан кийин "митинг уюштуруу жөнүндөгү мыйзамды бузган" деген айып менен 15 күнгө камакка алынган.

Ондогон киши 22-апрелде Алматы шаардык сотунун алдына топтолушту. Алар жекшембиде Алматыда өткөн борборазиялык жөө күлүктөрдүн эл аралык жарышында көчө боюна калыс шайлоого чакырган баннерди көтөрүп чыгып, илгенден кийин кармалган активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбаевди колдоп чыгышкан. Чогулгандар соттун чечимин адилетсиз деп баалап, жаштарды токтоосуз бошотууну талап кылышты.

Төлесова менен Толымбаев жөө күлүктөр чуркаган көчөнүн четинде "Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!" деп жазылган баннерди көтөрүп турушкан.

Алардын иши кармалган күнү эле сотко өтүп, экөөнө тең "уруксат берилбеген пикет өткөргөн" деген айыптын негизинде чечим чыкты. Муну жараянга келген активисттер "Уят!" деген кыйкырык менен кабыл алышты.

Полиция активисттер "марафон өткөрүүгө жолтоо болгондуктан кармалган" деп билдирип жатат. Активисттердин жакындары, тарапкерлери аларды соттоодо бурмаланган айыптарды колдонулду деп эсептешет.

Соттук териштирүүгө катышкандардын айтымында, полициянын активисттерге карата административдик мыйзам бузуу жөнүндө протоколунда Төлесова менен Толымбаев «Улут лидери жөнүндөгү мыйзам — улут үчүн уят!» деген жазууну да кармап турганы жазылган. Бирок сотто экөөнүн тең колунда мындай баракча жок болгонун айткандарга полиция "техникалык ката кетиптир" деген жооп менен кутулган.

Жергиликтүү укук коргоочу Ренат Рафкат активисттердин камакка алынышын түшүнбөй жаткандардын бири:

«Бул жерде жаштардын эч кандай ката кетиргенин көргөн жокмун. Ал жерде "Адилет шайлоо үчүн" деп жазылган. Полиция кызматкери протокол толтурганда "Улут лидери - улут үчүн уят" деген сөздү техникалык ката катары киргизип жиберген. Ошол протокол менен эки жашты он беш күнгө соттоп жиберишти. Чындыгында, баннерде "Чындыктан кача албайсың!" деген жазуу болгон, анын алдында "Адилет шайлоо үчүн" деген чакырык хештег менен жазылган. Бул адамдарды шайлоого чакыруу. Анын кандай мыйзамсыз жагы бардыгын түшүнбөй турам».

Жекшембиде сотто сүйлөгөн сөзүндө Асия Төлесова 9-июндагы кезексиз президенттик шайлоонун алдында "намысы жол бербей" акцияга чыкканын айтты.

«Биз акыры акыйкат, калыс шайлоо өткөрө алабыз. Бирок биздеги система татыктуу талапкерлерге, карапайым жарандарга шайлоодо ат салышууга жол шарт түзбөйт. Мен азыр болуп жаткан нерселерди кылмыш деп эсептейм. Менин мамлекет алдындагы кылмышым эмес, мага окшогон жарандардын алдындагы мамлекеттин кылмышы», - деген Төлесованын пикирин adamdar.ca сайты жазып чыкты.

Мындан тышкары активист судьянын акциянын максаты жөнүндө берген суроосуна "элдин көңүлүн таза шайлоонун зарылдыгына бурууну каалагам" деп жооп кайтарды. Соттун токтому чыккандан кийин ал замандаштарын өлкөдөгү мыйзамсыздыкка каршы биригүүгө чакырды:

"Бул - башталышы гана. Эгерде биздин өлкөдө таза шайлоо өткөрүүгө чакыргандарды он беш күнгө камакка алса, демек, бул биздин биригишибиз керектигинен кабар берет. Биригип, сиздин жана менин укуктарыбызды талап кылышыбыз керек. Азыр баштабасак, азыркыдай көрүнүшкө ар бирибиз кабылабыз".

34 жаштагы Асия Төлесова сталиндик доордо репрессияга тартылышкан казакстандык жазуучу Ильяс Жансугуров менен саясий ишмер Ураз Жандосовдун чөбүрөсү.

Ал бир катар демилгелерди көтөрүп чыккан активист белгилүү. Буга чейин Алматынын тургундарына абанын булганышы тууралуу маалымат берген «Almaty Urban Air» (AUA) мобилдик тиркемесин түзгөн. Ал эми аны менен кошо соттолгон 20 жаштагы Бейбарыс Толымбаев жөнүндө марафондогу акцияга чейин эч кандай маалымат жок.

Жаштардын кармалышын социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары катуу сындап чыгышты. Укук коргоо уюмдары батыш мамлекеттеринин дипломаттарын буга көңүл бурууга чакырып жатышат.

22-апрелде марафон учурунда кармалган дагы үч активист - Айдос Нурболатов, Айгүл Нурболатова, Сүйүнбийке Сулеймановага да "жыйын өткөрүү же уюштуруу тартибин бузган" деген негизде айып коюлду.

Эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса, эскертүү берилип бошотулушу же 2500 теңге айыппулга жыгылышы, же болбосо он күнгө чейин камакка алынышы мүмкүн.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG