Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Жапаровдун ишин карай турган соттук коллегиянын курамы бүгүн белгилүү болот


Камактагы саясатчы Садыр Жапаров жана Шарабидин Токтосунов. Буга чейинки соттук отурумдарда тартылган сүрөт.
Камактагы саясатчы Садыр Жапаров жана Шарабидин Токтосунов. Буга чейинки соттук отурумдарда тартылган сүрөт.

Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстердин жаңы редакциясы ишке киргенине байланыштуу экс-депутат, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароо Жогорку сотто 30-апрелде уланат. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

23-апрелде адвокаттар отурумга төрагалык кылган Жогорку соттун судьясы Лепес Темирбековго ишенбестик көрсөтүшкөн. Муну алар «өткөн процессте да ишти ушул судья карап, акыйкатсыз чечим чыгарган» деп түшүндүрүшкөн.

Мындан кийин соттук коллегия процессти бир жумага кийинкиге калтырып, башка судьяга ишти изилдөөгө убакыт керек боло турганын билдирген. Токтосунов белгилегендей, аларга соттук коллегиянын жаңы курамы тууралуу маалымат берилген жок, ал бүгүнкү отурумда маалым болот.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери 23-апрелдеги соттук отурумга тушташ Жогорку соттун алдында митинг өткөрүшкөн. Алар саясатчыны абактан биротоло бошотууну талап кылышкан.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG