Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Экономикалык Биримдигинин Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ал 29-апрелде Ереван шаарына учуп барды.
Жыйынга кыргыз өкмөт башчысынан сырткары Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Орусиянын өкмөт башчылары да катышат. Алар Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында соода, өнөр жайы, айыл чарбасы, транспорт, туризм, илим жана инновациялар сыяктуу багыттарда кызматташууну талкуулашат.
Кыргызстандын өкмөт аппараты кабарлаандай, Евразия өкмөт аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине 2015-жылы кошулган. (ErN)