Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

Жээнбеков ЖККУ мамлекеттеринин коргоо министрлерин кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун курамындагы мамлекеттердин коргоо министрлери менен. 30-апрель, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун курамындагы мамлекеттердин коргоо министрлери менен. 30-апрель, 2019-жыл.

Бүгүн, 30-апрелде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун курамындагы мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлады.

- Советтер Союзунун учурунда биз биргелешип, бири-бирибизге жардамдашып, аскердик коопсуздукту камсыз кылчубуз. Согуш мезгилинде биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз мекенибиздин сакчылыгында турушкан. Азыр да биздин аймактарыбызды кандай гана болбосун тышкы агрессиядан жана терроризмден коргоо ЖККУнун башкы милдети болуп саналат, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстан быйыл Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмуна (ЖККУ) төрагалык кылууда. Аталган уюмга Орусия, Беларус, Армения, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан мүчө. (KR)

XS
SM
MD
LG