Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Садыр Жапаровдун сотунда Шерали Камчыбеков төрагалык кылууда


Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто каралууда.
Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто каралууда.

Саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурумга Жогорку соттун судьясы Шерали Камчыбеков төрагалык кылып жатат.

23-апрелде Жапаровдун жактоочулары сотко төрагалык кылган Лепес Темирбековго ишенбестик көрсөтүшкөн. Муну алар «өткөн процессте да ишти ушул судья карап, адилетсиз чечим чыгарган» деп түшүндүрүшкөн. Адвокаттардын бул өтүнүчү канааттандырылган.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери 23-апрелдеги соттук отурумга тушташ Жогорку соттун алдында митинг өткөрүшкөн. Алар саясатчыны абактан биротоло бошотууну талап кылышкан.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. (BTo/KR)

Сот Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

XS
SM
MD
LG