Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:11

TIKA уюму Кыргызстандын Конституциялык палатасында оңдоп-түзөө жүргүздү


Эркинбек Мамыров жана Рахман Нурдун.
Эркинбек Мамыров жана Рахман Нурдун.

Түрк өкмөтүнө караштуу Кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы (TIKA) Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын имаратында оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү.

Бүгүн 30-апрелде палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров TIKA уюмунун вице-президенти Рахман Нурдунду кабыл алып, иш тез арада жана сапаттуу аяктаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, соттук жыйындар залында жана китепканада оңдоп-түзөө иштери февраль айында башталган.

Рахман Нурдун TIKA Кыргызстандын мекемелеринде капиталдык оңдоп-түзөөгө жардам берип келатканын айтты.

Конституциялык палатанын имараты 78 жыл мурда курулган. Ал Кыргызстандын маданият жана искусство тарыхынын эстелиги катары мамлекеттин кайтаруусунда турат.

ТIKA 1992-жылы мурдагы советтик республикаларга техникалык жардам берүү максатында түзүлгөн. Кыргызстанда анын бир катар долбоорлору ишке ашырылган. Ал эми Бишкектеги Улуттук тарых музейин реконструкциялоо долбооруна бул уюм башында катышып, кийин баш тартып койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG