Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Европа соту Навальныйдын тарапкеринин пайдасына чечим чыгарды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Страсбурдагы адам укуктары боюнча Европа соту орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкери Элвира Дмитриева боюнча чечим чыгарды. Соттун 30-апрелдеги чечимине ылайык, Орусия президенттик шайлоо өнөктүгүнүн убагында Навальныйдын тарапкери Элвира Дмитриеванын укуктарын бузганы үчүн ага 12 500 евро, буга кошумча материалдык чыгым катары 2800 евро төлөп берүүгө тийиш.

Сот 2017-жылдын 26-мартында Навальный жана анын жактоочулары уюштурган нааразылык акциясын басууга байланыштуу орус бийлигине каршы берилген арызды карады.

Бул - акциялардагы бийлик органдарынын мыйзам бузуусуна байланыштуу жазылган арыздар боюнча чыккан биринчи чечим. Европа соту Орусия Дмитриеванын «эркиндик, коопсуздук, акыйкат шайлоо, пикир билдирүү укуктарын бузган» деп тапты. Орус бийлиги 12 500 евродон тышкары ага сотторго кеткен чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирди.

Навальный былтыр мартта өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, кызуу өнөктүк жүргүзгөн. Бирок шайлоодон четтетилип калган. Анын Татарстандын баш калаасы Казандагы штабын жетектеген Элвира Дмитриева коррупцияга каршы митинг өткөрүүгө элди чакыргандан кийин айыпка жыгылган. Ошол жылдын 26-мартында бийлик уруксат бербеген акцияга катышкан деген негизде он күн камалып чыккан.

Навальныйдын адвокаттары анын укуктары бузулган деген жүйө менен Европа сотуна даттанган.

Эки жыл мурда Орусиянын ар кайсы шаарларындагы акцияларда укук коргоо органдары миңден ашык кишини кармаган.

XS
SM
MD
LG