Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Европа соту: Навальныйдын ишинде саясий өңүт бар


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Адам укуктары боюнча Европа соту орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды үй камагына алуунун "саясий өңүтү бар" деп тапты. Соттун чечиминде Орусиянын бийлиги Навальныйга байланыштуу Европа конвенциясын бузганы, моралдык зыян катары саясатчыга 20 миң евро төлөшү керектиги белгиленген.

Кремлдин саясатын жана орус президенти Владимир Путинди кескин сындап келген оппозиционер беш жыл мурда "Yves Rocher" ("Ив Роше") компаниясынан "акча уурдаган" деп айыпталып, үй камагына алынган. Ал 2012-жылдан 2014-жылга чейинки жети окуя боюнча сотко арыз менен кайрылып, орус бийлиги Европа конвенциясын одоно бузганын таанууну суранган.

Страсбургдагы адам укуктары боюнча Европа соту орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын арызын 9-апрелде карады. Анда Орусия "Европа конвенциясынын 5-10-беренелерин одоно бузган" деген тыянакка келди. Бул беренелер жарандардын эркиндигин, жеке кол тийбестигин жана эркин пикир билдирүү укугун коргойт. Ошондой эле "Yves Rocher" ишине байланыштуу саясатчыны үй камагына алуу тууралуу сот чечими аталган конвенциянын 18-беренесине каршы келери, орус бийлиги "саясий плюрализмдин" эрежелерин бузганы жазылган.

"Навальныйга карата чыгарылган чечимдер, чектөөлөр козголгон кылмыш иштерине шайкеш келген эмес. Анын коомдук ишмердүүлүгүн чектөө максатында ушундай мамиле жасалганы көрүнүп турат", - деди Европа сотунун өкүлү.

Европа сотунун соңку чечимине ылайык, оппозициялык активистти үй камагына алуу мыйзамсыз болгон жана саясий мүдөөнү көздөгөн. Бул себептүү Москва эми Навальныйга 20 миң евро моралдык зыян, 2600 евро соттук чыгымдарын төлөп бериши керек. Жараянга Алексей Навальныйдын өзү да катышты. "Инстаграмдагы" баракчасына сот чечими Орусиядагы мыйзамсыз көрүнүштөргө аз да болсо бөгөт коет деген үмүтүн жазды:

"Юристтерден турган командабызды жана бизди колдогон бардык чынчыл адамдарды куттуктайм. Соттун чечими мындай мыйзамсыздыкка ар дайым туш болуп жаткандарга шык берет деп ишенем".

Франциядагы "Yves Rocher" компаниясынан каражат өөнөө фактысы боюнча Москва соту 2014-жылдын декабрында чечим чыгарган.

Буга "Yves Rocher Чыгыш" компаниясынын башкы директору Бруно Лепрунун 2012-жылы жазган арызы түрткү болгон. Анын негизинде компаниянын Орусиядагы бөлүмүн жетектеген Алексей Навальный менен анын иниси Олегге "шылуундук, кылмыштуу жол менен тапкан акчаны адалдаган" деген айыптар тагылган.

Натыйжада, Алексей Навальныйга үч жарым жыл шарттуу жаза берилсе, иниси Олег Навальный үч жарым жылга абакка кесилген. Өкүмдөн кийин саясатчы 242 күн үй камагында отурган.

Европа соту "Yves Rocher" иши боюнча мыйзам бузуулар болгонун буга чейин да тааныган. 2017-жылдын күзүндө сот Орусияда "Навальный боюнча териштирүүлөр адилеттүү жана калыс каралган эмес" деген бүтүмгө келген. Бирок анда бул иште саясий өңүт жок тапкан. Буга карабай, үч судья иштин саясий жагын кароону сунуштаган.

Страсбургдагы сот ал кезде да Кремлди бир тууган Навальныйларга 80 миң евродон ашык кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Оппозициялык саясатчы орус бийлиги бул акчаны төлөп бергенин былтыр августта жарыялаган.

Жергиликтүү бир катар басылмалар Бруно Лепру менен Франциядагы "Yves Rocher" косметикалык компаниясын "Навальныйга жалган жалаа жапкан, саясий репрессияларга көмөктөшкөн" деп сындап, анын продукцияларына бойкот жарыялоого чакырышкан.

43 жаштагы активист 2011-жылдан бери бийликке каршы көчө акцияларын уюштуруп келатат. "Бийлик менен макулдашылбаган акцияларды өткөргөн" деген кине менен бир нече жолу кыска мөөнөткө камалып чыккан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG