Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

«Ташкент-Балыкчы» поезд каттамы быйыл да жүрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коңшу мамлекеттин «Өзбекстан темир жолдору» ишканасынын «Ташкент-Балыкчы» жүргүнчү ташуучу поезддик каттамы быйыл да уланат. Бул тууралуу аталган мекеме менен кызматташып жаткан «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Каттам 6-июндан тартып жумасына бир жолу жүрө баштайт. Бейшембиде Ташкент шаарынан чыккан поезд жума күнү Балыкчы шаарына келет. Ишемби күндөрү рейс кайра артка жол тартып турат. Каттам орточо 20 саат жүрөт.

Билеттер сатыкка чыкты. Алар сатылуу мөөнөтүнө жана вагондун категорияларына карап бааланат. Баасы плацкарттык вагондорго 1 946 сом, купе вагондорго, 2 461 сом жана люкс вагондорго 4 602 сом деп каралган. Уюшкан топторго билеттер арзандатылып берилиши мүмкүн.

2016-2017-жылы сүйлөшүү башталган менен Ташкент-Бишкек-Балыкчы поезд каттамы биринчи жолу 2018-жылы келген. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий мамиле оңолгону эки өлкөдө бири-бирине саякаттагандар көбөйдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG