Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:39

Киши колдуу болгон прокурордун өлүмүнө шектүүнүн эжеси сотко нааразы


Маркум Анарбай Мамажакыпов менен акыркы ирет сүрөткө түшкөндөр.
Маркум Анарбай Мамажакыпов менен акыркы ирет сүрөткө түшкөндөр.

Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун бир тууган эжеси Дарика Калыкова сот адилетсиз жүрүп жатканын айтып, айыпталуучулардын өтүнүчтөрү кабыл алынбай жатканына нааразы болду: 

- Көп адамдардын фамилиялары, фактылар айтылып жатат, бирок алардын бири да протоколго кирген жок. «Мелис көргөзмө бербей жатат» деп туура эмес маалымат таратып жатышат. Биз келтирген 147 өтүнүчтөн 137си канааттандырылган жок. Кыйноо боюнча иш козголгон жок. 20 саат мыйзамсыз кармалгандыгы боюнча иш облустук деңгээлде эле жабылып жатат. Биз экспертизанын жыйынтыгына макул болбой, комиссиялык экспертиза өткөрүүнү сунуш кылдык, бирок ал сунуш да четке кагылды. Экспертиза «жалаң эле Мамажакыпов ичкен, калгандарынын каны таза чыккан» деп жатат. Буга эми кантип ишенсе болот?

Прокурордун өлүмү боюнча кийинки соттук отурум Ош шаардык сотунда 7-майда уланат.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (KR)

 

XS
SM
MD
LG