Бүгүн, 1-майда Исхак Масалиев башында турган Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын мүчөлөрү Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата эски аянттан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүшкө чыгышты. Алар шаар тургундарын бүгүнкү майрам күнү менен куттукташты.
Партиянын лидери Исхак Масалиев бул майрамды азыр көпчүлүк майрамдабай, бул күн унутта калып жатканын айтып кейиди.
Бүгүн 1-май майрамына карата борбордук аянтта марафон уюштурулуп, дагы башка спорттук иш-чаралар өтүп жатат.
Бүгүн Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү. Кыргызстанда 1-май дем алыш деп жарыяланган.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 70 900 адам расмий түрдө жумушсуз катары каттоодо турат. Ал эми Улуттук статистика комитетиндеги маалыматтарды кошкондо алардын саны 174 000 адамга жетет. (KR)