Токиодо 1-майда Жапониянын жаңы, 126-императору Нарухитонун такка отуруу салтанаты өттү.
Ага императордук символдор – чоң мамлекеттик мөөр жана башка буюмдар, кылыч, баалуу таш кутуларга салынып өткөрүлүп берилди. Салтанатка өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ баштаган өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары жана Жогорку Соттун судьялары катышты.
Жапонияда 200 жылдан бери биринчи ирет императорлор көзү тирүүсүндө алмашууда. 30-апрелге оогон түнү Акихито саламаттыгына байланыштуу тактан толук баш тарткан.
Жапонияда император саясатка жана өлкөнү башкарууга кийлигишпейт. Ал мамлекеттин жана улут биримдигинин символу болуп саналат.