Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Нур-Султандагы митингде ондогон кишилер кармалды


Нур-Султан шаары. 1-май, 2019-жыл.
Нур-Султан шаары. 1-май, 2019-жыл.

Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында нааразылык акциясынын ондогон катышуучусун полиция кармап кетти. «Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, атайын бөлүктүн аскерлери кармалгандардын айрымдарын союл менен урган учурлар болду.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн прокуратура өкүлү акциянын мыйзамсыз экенин айтып, элди тарап кетүүгө чакырды. Шаарда жүздөн ашык киши Жаштар сарайына чейин жөө жүрүшкө чыкты. Аларды атайын бөлүк түшкөн автобус коштоп жүрдү. Акциянын катышуучуларын күч кызматкерлери кармалгандар салынган автобуска жеткирбей тосуп калышты.

Буга чейин бир нече киши кармалып, автобустарга салынган. Чогулгандар аларды бошотууну талап кылышууда. Баш калаанын полициясынын башчысынын орун басары Бахытжан Малыбаев элди тароого үндөгөнү менен алар кармалгандар бошотулмайынча эч кайда кетпей турганын айтышты. Кийинчерээк полиция кармалгандардын баарын бошоткону кабарланды.

1-майдагы Алматы менен Нур-Султандагы митингдер жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00дө башталган. Эки шаарда тең митингге кеминде жүздөн киши келишти.

Алар 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялоого, парламенттик башкарууга өтүүгө чакырып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат. Бүгүн Казакстанда Элдик ынтымак күнү майрамдалып жатат.

XS
SM
MD
LG