Венесуэла боюнча Эл аралык байланыш тобу Каракасты сабырдуулукка чакырып, нааразылык акцияларына чыккандарга карата күч колдонбоого үндөдү. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат кызматынын билдирүүсүндө айтылат.
Анда Европа Биримдиги Венесуэлада демократиялык жол менен эркин шайлоо өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экени айтылат.
30-апрелде Каракаста оппозициянын лидери Хуан Гуайдонун тарапкерлери менен президент Николас Мадуронун коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду. Нааразылыкка чыккандарга карата көздөн жаш агызуучу газ колдонулду. Гуайдо өзү аскерлердин бир тобу анын тарабына өткөнүн жарыялады. Азырынча оппозиционерди канча аскер колдогону белгисиз.
Маалыматтарга караганда, шейшембиде Каракастын чыгышындагы Франсиско Фахардо көчөсүндө өкмөттүк күчтөрдүн чопкутталган автоунаасы оппозициянын тарапкерлерине шаардын борборуна барууга жол берген жок. Катуу ылдамдыктагы автоунаа жардыргыч зат куюлган шишелерди ыргыткан активисттер тобун тебелетип кеткени айтылды.
Мунун алдында Хуан Гуайдо президент Николас Мадуро менен анын өкмөтүн бийликтен кулатууга багытталган «Эркиндик» операциясынын акыркы баскычы башталаарын жарыялаган. Ал бийликке нааразы болгон тарапкерлерин тынчтык акцияларына чыгууга чакырган.
Венесуэлада январдын этегинен бери саясий кризис өкүм сүрүп турат. Парламент оппозициянын көзөмөлүндө. Хуан Гуайдо Мадуронун бийлигин «легитимсиз» деп эсептеп, өзүн өлкөнүн президенти катары жарыялаган. Аны 50дөн ашуун мамлекет, анын ичинде АКШ, Батыш, Бразилия жана Латын Америкадагы көптөгөн өлкөлөр «утурумдук президент» катары тааныган. Бирок Орусия, Кытай жана Куба колдоп, аскердик жана каржылык жардам көрсөтүп жаткан президент Николас Мадуро мамлекеттик органдарды башкарып келген. (ErN)