Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:18

Бабакулов: мени машине менен сүзүүгө аракет кылышкан


Аманбол Бабакулов (көп кагаздагы жазуу кармап турган жигит).
Аманбол Бабакулов (көп кагаздагы жазуу кармап турган жигит).

Жарандык активист Аманбол Бабакулов феминисттер менен жыныстык азчылык өкүлдөрүнө чабуул койбогунун айтып, тескерисинче өзүн автоунаа менен сүзүүгө аракет кылышканын «Азаттыкка» билдирди:

- Мен феминисттер менен ЛГБТнын чогулушу туурасында «Фейсбуктан» окуп, кызыгып баргам. Бирок мен барганда алар тарап кетишиптир. Кара түстөгү автоунаада кыз менен бала отуруптур. Алар мени сүрөткө тарта баштаганда мен аларга: «Силер кимсиңер, эмнеге тартып жатасыңар?» дегем. Ошол маалда мени сүзүп кетейин дешти. Капот алдында калып калайын дедим.

1-майда ЛГБТ өкүлдөрү пикникке чыккан маалда аларга белгисиз бирөөлөр келип, ыдык көрсөтүп, жумуртка менен ура баштаганын айтып чыгышкан. Алардын бири активист Аманбол Бабакулов алардын автоунаасын тосуп, жолтоо болгонун билдирип, сүрөтүн «Фейсбукта» жарыялашкан.

Буга чейин, 8-мартка карата марш уюштурган феминисттик уюмдардын өкүлдөрү аларды «Кырк чоро» уюму, депутаттар жана башка белгисиз адамдар коркутуп жатканын айтышкан. (AiA/KR)

XS
SM
MD
LG