2-майда Санкт-Петербург шаарынын соту “Ачык Орусия” оппозициялык уюмунун аткаруучу директору Андрей Пивоваров менен Алексей Навальныйдын жергиликтүү штабынын координатору Александр Шуршевди 10 күнгө камады. Алар 1-майда шаарда “уруксат берилбеген акция өткөргөн” деп айыпталууда. “Ачык Орусия” уюмунун төрайымы, жактоочу Анастасия Буракова аларды камакка алган иш эреже бузуулар менен жүргөнүн билдирди.
Пивоваров менен Шуршев демонстранттарды кубалоону токтотууга аракет кылганда полиция тарабынан күч менен кармалган. Аларды эмне үчүн кармап жатканы да түшүндүрүлгөн эмес.
1-майда Санкт-Петербургда шаар бийлиги уруксат берген «Эркин Петербург – Эркин шайлоолор» деген акция уюштурулган. Бирок плакат көтөргөн демонстранттар президент Владимир Путинди жана губернатор Александр Бегловду сындаган акцияны баштаган кезде аларды күтүүсуздөн эле кармай баштаган. Катышуучулардын айрымдары «Путин - ууру», «Бул - биздин шаар» деген чакырыктарды таштап, «Путин өлбөс эмес» деген жазууларды көтөрүп турушкан.
«ОВД-Инфо» уюмунун маалыматына караганда, Санкт-Петербургда 68 адам кармалган. Ал эми 1-майда жалпы Орусиянын бир нече шаарында өткөн акцияларда кеминде 124 киши кармалды.