Уран кенин иштетүүгө каршы онлайн петицияны уюштурган Каракол шаарындагы журналист Алёна Хоменко жогорку бийлик өкүлдөрү тез арада үн катып, маселеге чекит койбосо митингдер уланарын билдирди.
- Митингдин аягында резолюция кабыл алдык. Баары кол коюп беришти. Буга чейин чогулган петицияга кошуп өлкө башчысына, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ысык-Көл облусунун башчысына жөнөтөбүз. Анан албетте, жообун күтөбүз. Эгер үн катышпаса дагы митинг өткөрөбүз, ал жерге көп киши чогултабыз деген ойдомун.
Учурда журналист Алена Хоменко баштаган уран казууга каршы петиция 30325 кишинин колун топтой алды.
Каракол шаарынын стадионунда 2-майда уран кенин иштетүүгө каршы митинг болуп өттү. «Азаттыктын» облустагы кабарчысы Асеин Маданбековдун айтымында иш-чарага болжол менен 50гө жакын шаардык активист, жергиликтүү тургундар катышты. (AsM)