Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

«Nazarnews'тун» журналисти уруша кеткен аялдарга каршы милицияга арызданды


«Nazarnews» маалымат порталынын журналистин милиция кызматкери кармап турган учур.
«Nazarnews» маалымат порталынын журналистин милиция кызматкери кармап турган учур.

Бүгүн, 2-майда 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучуларынын жубайлары менен «Nazarnews» маалымат порталынын журналисти Гүлжан Шерипбаева уруша кеткени тууралуу видео Интернетке жарыяланды.

Журналисттин сөзүнө караганда сөз болуп жаткан аялдарга суроо бериле баштаганда алар журналистти «бакиевчилерге окшошсуң» деп тукура баштаган.

- Тышка чыгып кеткем. Кийин «Жээнбеков менен Атамбаевдин согушуна Бакиевдин тиешеси жок да» десем эле мага келип, мени уят сөздөр менен сөгө баштады. Мен телефонумду алып тарта баштасам бир кара тору кыз телефонумду алып жерге чаап таштады. Милициялар келгенден кийин да ошол аял мени артымдан сабады. Аны видеодон деле көрүүгө болот. Мага биринчи өзү кол көтөрдү, - деди Шерипбаева.

Видеодо журналист аны урганы кеп болгон аялды кайра бетке чаап, мурдун канатканын көрүүгө болот. Окуядан кийин Гүлжан Шерипбаева Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция бөлүмүнө барып, аны менен урушкан аялдарга каршы арыз жазганын айтты. (KR)

XS
SM
MD
LG