Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Казакстанда митингде кармалгандардын үчөөнө айып салынды


Наазарылыкка чыккан жарандардын соту. 2-май, 2019-жыл. Алматы, Казакстан.
Наазарылыкка чыккан жарандардын соту. 2-май, 2019-жыл. Алматы, Казакстан.

Алматынын район аралык соту 1-майда нааразылыкка чыккан Турсынгүл Жолановага, Курбанбек Шолан уулуна жана Жазира Демеуовага 50 500 теңгеден айыппул салды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Алар тынчтык жыйындарын өткөрүү эрежелерин бузууга айыпталды. Жоопкерчиликке тартылгандар жогорку инстанцияга апелляциялык арыз жазмак болду.

Мунун алдында митингдин катышуучулары Алтынбек Орынтай уулу менен Алимжан Избасаров «укук коргоо органынын өкүлүнө баш ийген жок» деген негизде беш суткага камалган.

1-майда Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында нааразылык акциялары өткөн. Акцияга чыккандар 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялоого, парламенттик башкарууга өтүүгө чакырып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Казакстандын Ички иштер министрлиги бул митингдерде Алматыда жана баш калаада 80 адам кармалганын кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG