2019-жылдын алгачкы үч айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 164 кылмыш катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Мунун 19 252син ИИМ тарабынан, калганы башка укук коргоо органдары тарабынан киргизилди.
Милиция жалпы кылмыштардын 20 442син тергеп жатса, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы жана башка органдар калган фактыларды иликтөөдө.
2019-жылдын алгачкы үч айында ошондой эле Тартип бузуулардын бирдиктүү реестрине 17 миңден ашуун жорук катталды.
Буга чейин Улуттук статистика комитети 2018-жылы Кыргызстанда 29 718 кылмыш катталганын, анын 3 420сы өзгөчө оор кылмыштар экенин кабарлаган. (ErN)