Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга өсөт


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда май айында күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга өсөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын нефтедрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди.

"Дүйнө жүзүндө жыл башынан бери мунайдын баррелине болгон баа 30 пайызга, 16,7 АКШ долларына жогорулады. Ал эми Орусиядан келген күйүүчү майдын ар бир тоннасы 150 долларга кымбаттады. Мисалы мурдагы айларда АИ92 460 доллардан берилип жатса, бүгүн 585 доллага көтөрүлдү. Мунай сатуучулар өткөн айда Орусия бааны көтөргөнүнө карабастан мурдагы калдыктардын эсебинен төмөндөтүп келген. Орусия 1-майдан баштап көтөрдү. Биздин запас түгөнүп баратат. Ошондуктан май айынын ичинде баалар 10 пайызга, кээ бир маркалардын баалары 15 пайызга көтөрүлөт".

Кыргызстан эки тараптуу өкмөт аралык макулдашуунун негизинде Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордон бензин, солярка жана авиакеросин сыяктуу күйүүчү майдын түрлөрүн экспорттук төлөмсүз сатып алган өлкөлөрдүн катарына кирет.

Кыргызстан күйүүчү майды толугу менен Орусиядан ташыйт. Жаңы жылдын алдында бензин менен солярканын баасы 45 сомго чейин кескин көтөрүлгөн учурда өкмөт Казакстандан кошумча күйүүчү май ташуу маселесин караган. Бирок бул боюнча Казакстан менен макулдашуу жүргөнү менен маселе дагы деле чечиле элек. (KR)

XS
SM
MD
LG