Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы аталган сабак пилоттук негизде 10 мектепте окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепте окутулду. Анын зарылдыгы жана окутуу тартиби жөнүндө Мамлекеттик дин комиссиясынын төрагасы Зайырбек Эргешов “Азаттык” радиосунун “Биз жана дин” түрмөгүндө айтып берет.