Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:23

Бишкекте ысык суу 6-майда өчүрүлөт


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы Бишкекте ысык суу 6-майда токтой турган чечиминен баш тартпагандыгын айтып, муну суу кетүүчү түтүктөрдү кышка чейин жаңылап жетишип калуу аракети менен түшүндүрдү:

"Быйылкы жылы бүтүрө турган иштин көлөмү чоң. "Бишкекжылуулуктун" линиясы менен жаңы жылуулук трассалары орнотулат. Ошондой эле Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнү салып бүтүш керек. Кийинки жылуулук берүү сезонуна чейин аталган иштерди бүтүрүү үчүн, ремонтту болушунча эрте баштаганга туура келди. Ошондуктан биз 6-майда баштайбыз. Дагы бир ирет кечирим сурайбыз" деп жазылган мэриянын билдирүүсүндө.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары ысык суунун бир айга өчүрүлүшү Орозо айынын башына туш келгенин айтып, нааразы болушкан.

Бишкек шаарынын бийлиги жыл сайын май айында ремонт иштерине байланыштуу ысык сууну бир айга өчүрөт. (KR)

XS
SM
MD
LG