Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Азамат Тынаев журналисттерди Ыдырыс Исаковго тилектештик билдирүүгө чакырды


Медиа эксперт Азамат Тынаев. (чаар-ала көйнөкчөн)
Медиа эксперт Азамат Тынаев. (чаар-ала көйнөкчөн)

Медиа эксперт Азамат Тынаев бүгүн, 3-майда "Сорос Кыргызстан" фонду менен Журналисттик иликтөө фонду уюштурган тегерек үстөлдө Кыргызстандагы журналисттерди Ыдырыс Исаковго тилектештик билдирүүгө чакырды. Ал ЖМК өкүлдөрүн макулдашылган бир күнү өздөрү иштеген телеканалдарга, радиолоруна жана Интернет сайттарына Исаковдун иликтөөсүн жайгаштырууну сунуштады.

"Кыргызстандын бүт ЖМКлары биздин тилектештигибиздин, коррупцияга каршы күрөшүбүздүн далили деп Ыдырыстын акыркы атайын иликтөөсүн сайттарынан, телеканалдарынан, аудиосун радиодон бир күнү, бир убакта, бир саатта бирдей беришсе күчүбүздү көрсөткөндөй болуп калат элек. Ошондо өзүбүзгө болгон ишеничибиз, сыйыбыз өсмөк".

29-апрелде милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. (KR)

XS
SM
MD
LG