Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп Абдыганы Эркебаев шайланды

Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев.
Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп 3-майда Абдыганы Эркебаев шайланды.

Буга чейин бул кызматты Кыргызстандын азыркы акыйкатчысы Токон Мамытов ээлеп келген. Бирок ал 2018-жылдын сентябрь айында акыйкатчы болуп шайланганда, өз арызын жазып 65 кишиден турган ассамблеянын кеңешине тапшырган соң Зухра Федакова Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрайымынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 

Ассамблеянын жыйыны ар улутту чогултту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

Бүгүн Токон Мамытов курултайга келип, отчет берген соң, кеңештин мүчөлөрү аны кабыл алып, Абдыганы Эркебаевди төрага кылып шайлады.

Азыркы учурда ассамблеянын кеңешинин курамы 55 кишиден турат.

3-майда Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгы белгиленди. Ага Кыргызстандагы ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү, президент Сооронбай Жээнбеков жана бийлик өкүлдөрү катышты. (BTo/KR)

XS
SM
MD
LG