Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Оорулуу балдардын ата-энелери онколог Макимбетовду үй камагына чыгарууну суранышууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өсмө (рак) менен ооруган балдардын ата-энелери башкы прокурорго, ички иштер министрине, Биринчи Май райондук сотунун төрагасына кайрылуу жолдоп, камакка алынган онколог Эмил Макимбетовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарууну өтүнүштү.

"Помогать легко", "Эргэнэ" коомдук уюмдары, дарыгерлер жана ата-энелер жолдогон кайрылууда "Макимбетов чукул арада алты балага операция жасамак. Бирок камакка алынгандыктан операциялар белгисиз мөөнөткө калды жана балдардын өмүрү коркунучта. Себеби бул операцияны Кыргызстанда жалгыз гана Макимбетов жасай алат. Мисалы, учурда эки жашаар наристе чукул жардамга муктаж. Макимбетов бул балага 30-апрелде операция жасамак. Бирок камакка алынгандыктан операция болбой калды", деп айтылат.

"Профессор Макимбетов тергөө менен кызматташуудан баш тарткан жок жана өлкөдөн чыгып кетүү ниети жок. Оорулуу балдардын жалгыз үмүтү - онколог Макимбетовдо. Биздин өтүнүчүбүздү тергөөгө кийлигишүү катары баалабаңыз. Бирок Макимбетов балдар онкологиясында эч кимге алмашкыс дарыгер" деп белгиленет кайрылууда.

Кыргызстандагы белгилүү онколог Эмил Макимбетов кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG