9-май Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо көкбөрү боюнча турнир башталды. Алгач биринчи лиганын оюндары бүгүн ойнолууда. Быйыл биринчи лигага 16 команда катышуу арызын берген. Натыйжада чүчүкулакка ылайык бүгүн төрт жуп ойношот. Алар:
"Кара-Ой Келечек" – "Төш Булак",
"Алкан-Ата" – "Четинди",
"Ак Суу" – "Тору Айгыр",
"Көл Төр" – "Соң Көл" командалары талаага чыгышат.
Ал эми эртең 5-майда:
"Кабылан" – "Кара-Буура",
"Атуул" – Жаш Күч",
"Суусамыр Байтур" – "Аракет",
"Ат Башы" – "Кыраан" командалары оюнду улантышат. Жобого ылайык утулган команда чемпионат менен кош айтышат.
Ошондой эле Жеңиш күнүнө карата көкбөрү турнири Жогорку лигадагы командалар арасында өтмөкчү. Ага “Ынтымак”, “Достук”, “Сары-Өзөн”, “Сары-Өзөн рассвет”, “Көк Жал” жана “Бакубат Талас” командалары катышууда. Жогорку лиганын чүчүкулагы бүгүн кечинде болмокчу. (SDz)