Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Укук коргоочулар: Орусия Идлибге абадан сокку урду


Идлибдеги качкындар лагери. Сирия. Иллюстрациялык сүрөт.
Идлибдеги качкындар лагери. Сирия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын учактары Башар Асаддын учактары менен өнөктөштүктө Сириянын Хама жана Идлиб провинцияларын бомбалашты. Бул тууралуу Сириядагы адам укуктарынын абалына көз салган уюм билдирди. Маалыматка ылайык, 30-апрелдеги чабуулдан 69 адам набыт болгон. Сокку учурунда ичине жардыргыч зат менен кошо темир сыныктары толтурулган жасалма бомбалар колдонулганы айтылууда.

Дамаск бул соккунун максаты согушкерлерди жок кылуу экенин билдирди. Мамлекеттик SANA маалымат агенттиги кабарлагандай, авиасоккулар согушкерлер менен ок атышпоо тууралуу келишим бузулгандан улам урулган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бомбалоодон аймактардагы үч оорукана жана бир нече мектеп кыйраганын билдирүүдө.

«Ак каска» кыймылынын маалыматы боюнча, Хама менен Идлибде жашаган 130 миңден ашуун киши коопсуз жакка качууга аргасыз болгон.

Хама менен Идлиб жихадчылардын «Тахрир аш-Шам» кыймылынын жана Түркия колдогон «Улуттук боштондук кыймылынын» отряддарынын көзөмөлүндө.

Сириядагы радикал согушкерлер менен күрөштү 2014-жылы АКШ баштаган эл аралык коалиция баштаган. Алар сириялык демократиялык оппозицияны колдойт. Ал эми президент Башар Асадды жактаган Орусия Сириядагы согушка 2015-жылы сентябрдан бери аралашкан.

XS
SM
MD
LG