Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

6-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3° чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү уланат.

6-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда карга айланат, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күндүз жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 13…18;

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3 болуп, үшүк жүрөт, күндүз 13…18 градуска жетет;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3 градус болот.

6-майда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 20…22° болот.

XS
SM
MD
LG