Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

АКШ ХАМАСтын Израилге аткан ракеталык соккуларын айыптады


Газа сектору. Израилдин аба чабуулдарынан кыйраган имараттар. 5-май, 2019-жыл.
Газа сектору. Израилдин аба чабуулдарынан кыйраган имараттар. 5-май, 2019-жыл.

АКШ палестиналык согушкерлердин Израилге аткан ракеталык соккуларын айыптады. Мамлекеттик департаменттин атынан 4-майда таратылган билдирүүдө Вашингтон Израилге тилектештигин билдирип, Израил «өзүн өзү коргоого укуктуу экендигин» айткан.

«Кошмо Штаттары Газадагы ХАМАСтын жана палестиналык жихадчы топтун жазыксыз карапайым жарандарды жана жалпы эле Израилди көздөй аткылоосун айыптайт. Буга жоопкер адамдарды өз аракеттерин тезинен токтотууга чакырабыз», - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагустун билдирүүсүндө.

Газа секторунан акыркы бир суткада Израил тарапка 400 ракета атылган. Анын айрымдарын Израилдин абадан коргонуу системасы жок кылган. Ошол эле кезде кээ бир ракеталар үйлөргө тийип, бир киши өлгөнү, ондогон адам жарадар болгону кабарланды. Миңдеген адам үйлөрүн таштап, коопсуз жайга кетүүгө мажбур болгон.

Тел-Авив аткылоого жооп кылып, Газа секторундагы ХАМАС тобунун жайларына абадан 200дөй сокку урду. Палестиналык маалымат каражаттары беш киши өлүп, 50дөй адам жарадар болгонун жазып жатат.

Европа Биримдиги эки тарапты атышууну токтотууга чакырды.

Израил менен Газа секторунун ортосундагы акыркы чыңалуу 3-майда башталган. Ал күнү палестиналык көзгө атар эки израил жоокерин жарадар кылган. Израил учактары жооп иретинде ХАМАСтын жайларына сокку уруп, эки киши өлгөн.

Чек арадагы атышуу орозо айына жана Израилдин эгемендик күнүнө жакын болду. Ошондой эле быйыл Тел-Авивде өтүүчү «Евровидение - 2019» сынагынын алдында болду. Газа секторундагы чыңалууга карабай, өлкөгө ыр сынагынын катышуучулары жана коноктору келип жатат жана эл аралык конкурска кызуу даярдык көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG