Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Москва: учак кырсыгынан ондогон адам көз жумду


Куйругу жалындап күйүп, коюу кара түтүн чыккан «Sukhoi Superjet 100-95» учагы конгондон кийин.
Куйругу жалындап күйүп, коюу кара түтүн чыккан «Sukhoi Superjet 100-95» учагы конгондон кийин.

Орусиянын Тергөө комитети «Sukhoi Superjet» учагы кабылган кырсыкта 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады.

«Аэрофлот» компаниясынын Москвадан Мурманскка жөнөгөн учагында баары 78 адам - беш экипаж мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан.

«Sukhoi Superjet» учагы асманга көтөрүлгөн соң жарым сааттан кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон.

Интернетке тараган жана Орусиянын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн видео тасмада куйругу жалындап күйүп, коюу кара түтүн чыккан учак аба бекетине келип конуп жатканын көрүүгө болот.

Аталган учак Москва убактысы боюнча «Шереметьево» аба бекетинен саат 17:57де учуп чыккан. Ал эми 18:25те диспетчерге авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген. Ошондон беш мүнөттөн кийин келип конгон. Видеотасмаларда көрүнүп тургандай, конгондо анын арткы бөлүгү жалындап, күйүп жаткан.

​Орусиянын Тергөө комитети учак кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG