Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:24

Өзбекстанда орус тилине расмий макам берүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Өзбекстанга барарда 20га жакын өзбек интеллигенция өкүлү орус тилине расмий тил макамын берүүнү сунуш кылды.

Арасында Өзбекстандын эл артисттери, белгилүү сүрөтчүлөрү жана кинематографисттери бар топтун бул сунушу орус үгүтүнүн бир бөлүгү катары эсептелген интернет-басылмаларга жарыяланды.

Маалыматка караганда, мындай сунуш Ташкентте Орусиянын «Россотрудничество» агенттигинин каржылык колдоосу менен иш жүргүзгөн орус маданий борборунун 25 жылдыгына арналган иш-чара маалында талкууланган.

Көптөгөн жылдар бою Өзбекстанда президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген белгилүү жазуучусу Мурод Мухаммад Дуст орус тилине расмий тил макамын берүү жөнүндө сунуш «жогору жактан» чыккан болушу мүмкүн деген божомолун билдирди. Ошол эле маалда өз эмгектерин эл аралык көргөзмөлөргө коюп келген өзбек сүрөтчүсү Вячеслав Ахунов мындай демилге көтөргөн интеллигенция өкүлдөрүн «колониалдык ой жүгүрткөн адамдар» деп баалады.

Өзбек ССРинин Жогорку Кеңеши өзбек тилине мамлекеттик тил макамын берүү тууралуу мыйзамды ​1989-жылы 21-октябрда кабыл алган.

XS
SM
MD
LG