«Балдарына ВИЧ ооруканада жугуп, андан өздөрүнө жукту» деген энелердин өтүнүчү менен укук коргоо, медицина кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү.
Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүт Чокморованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Оштун ички иштер башкармалыгы, прокуратура кызматкерлери менен бирдикте кайрадан иликтөө баштады.
- Ошол кезде соттук-медициналык эксперттик комиссия түзүлүп, иликтөө жүргүзгөн, - деди ал. - Жакында да чоң комиссия түзүлүп, биз барып келдик. Ошол карталардын баарын иликтеп жатабыз. Бирок акыркы чечимди сот чыгарат. «17дей балага энесинен жуккан, энесине болсо жыныстык жол менен жуккан» деп коюлган. Бирок ал энелердин күйөөлөрү таза болуп жатат. Айрымдары ошол жылдары 7-8 жолу ооруканага жаткан экен. Архивге өткөн документтерди кайра көтөрүп жатабыз.
2019-жылдын апрель айына карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 9010го жетти. Көбү эркектер. Анын арасында 658 бала бар, теңинен көбү илдетти 2007-2008-жылдары ооруканадан жуктуруп алган. Дарыгерлердин шалаакылыгы менен дартка чалдыккан балдардын алды 18ге чыгып калды. Илдет катталган жылдан тартып 1952 киши каза болду. (КЕ)