Бишкекте таякесинен жабыркаганы кабарланган баланы апасы Орусияга алып кетмей болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова кабарлады:
- Апасы Москвада репетитор болуп иштейт экен. Батирди ижарага алып жашайт. Ал баласын Жаңы жыл майрамына чейин эле алып кетүүнү пландаштырган. Бирок ооруп калган соң убакыт создугуп кеткен. Биринчи май районунун акимчилигинин алдындагы балдар комиссиясы атайын жыйын өткөрүп, баланын тагдырын чечет.
Жакында Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде өспүрүм баланы жакын тууганы машинеге байлап сүйрөгөн, сабаган окуя катталган.
Өспүрүм ооруканада дарыланып чыкты. Ага психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.
Окуя боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголгон. Бишкек милициясынын маалыматына караганда, кылмышка шектүү соттун чечими менен камактан тилкат аркылуу бошотулган. (КЕ)